• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө күйүп кеткен “Осьминог” кафесинин кожоюну аныкталды

Коом 0

Бишкек, 08.01.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Осьминог” кафеси толугу менен күйүп кеткен. “Кабар” агенттигине облус ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт 7-январда болжол менен саат 4.30да катталган.

“Кафе толугу менен күйүп кеткен, кафедеги өрт жакынкы имараттарды да каптаган”,-деп билдиришти ИИБден.

Милициядан ЖМКда кафеде жарылуу болгондугу тууралуу маалыматка түшүндүрмө беришти.

“Чындыгында эле, алдын ала маалыматка караганда, жарылуу болгон. Бирок анда ашканадагы газ баллондор жарылган. Учурда өрттун келип чыгуу себеби такталууда”,-деп билдиришти облустук милициядан.

Кафенин кожоюнунун өздүгү такталду, ал Чүй облусунун Лебединовка айылынын 1988-жылы туулган А.Иноят деген тургуну болуп чыккан. Имараттын депутат Өмүрбек Бабановго тиешеси барбы же жокбу белгисиз.

Катталган өрт боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий