• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берүү форуму өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Кечээ, 1-июнда Баткен шаарынын Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драм театрында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип-Келечек кепилдиги” аттуу форум болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайвык, форумга жалпы 400гө жакын окуучу катышып, окуу жайлардын көргөзмөсү уюштурулду.

Аталган форум республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингдерди уюштуруу менен жаштарды кесипке багыттоо максатын көздөйт.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү, медицина, IT ж.б. тармактын мыкты адистери актуалдуу темалар боюнча презентация жасап, туура кесип тандоого багыт көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, “Туура кесип-Келечек кепилдиги” форуму Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Салымбеков университети тарабынан уюштурулган. Бүгүн Жалал-Абад шаарында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий