• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде дээрлик 6 миң банка контрабандалык аз алкоголдуу ичимдик кармалды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Баткенде дээрлик 6 миң банка контрабандалык аз алкоголдуу ичимдиктер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Баткен" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай шаарында Исфана-Баткен-Ош унаа жолунда "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Текшерип кароо учурунда унаанын жүк салынуучу бөлүгүндө - ар бири 450 мл болгон 7,2% этил спиртин камтыган 5952 банка "Ягуар” аз алкоголдук ичимдиги табылган.

Жүк ЕАЭБ бажы аймагында андан ары сатуу үчүн товар коштоочу документтери жок жана КР акциздик маркалары жок болгон.

Аталган факт КББР АДС МКЖда катталган, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий