• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде Honda Stepwgn менен КамАЗ сүзүшүп, 26 жаштагы айдоочу мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 112-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен Honda Stepwgn унаасынын 26 жаштагы Б.А. аттуу айдоочусу каза болгон.

Жеринде 5 куткаруучу каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий