• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүздө жардан түшө албай калган жаран куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Жети-Өгүздө жардан түшө албай калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын Ак-Жар жайлоосунда 47 жаштагы А.А. аттуу эркек киши кой жайып жүрүп, жарга чыгып өз алдынча түшө албай калган.

Окуя болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 6 куткаруучу тартылып, ал жаранды жардан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий