• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы транспорт министри Малабаев жол кырсыгына кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылды. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунда 27-январда болжол менен саат 18:00дө Белогорка капчыгайында жол кырсыгы катталган. "Тойота Ленд Крузер" үлгүсүндөгү жеңил унаа тоо жакка бара жатып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 4 жүргүнчү болгон.

Айдоочу жеринде каза болгон, алдын ала маалыматка ылайык, ал рулду башкара албай калган.

Жабыркагандардын арасында мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев болгон.

"Бардык жүргүнчүлөр ооруканада", - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий