• 88.68
  • 95
  • 0.95

Миң-Куш айылында жыгачтан салынган эки кабаттуу үй өрттөнүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Миң-Куш айылында жыгачтан салынган эки кабаттуу үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 23нөн 24-декабрга караган түнү Жумгал районунун Миң-Куш айылынын Үмөталиев көчөсүндөгү үйүнүн 2-кабатында өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү эртең мененки саат 06:45те түшкөн. Алгачкы өрт өчүрүү автоунаа таңкы саат 07:20да гана келген, анткени

ӨКМдин билдирүүсүнө караганда. саат 07:20да 1 өрт өчүрүүчү автоунаа, 4 өрт өчүрүүчү-куткаруучулар менен жеткен, анткени өрт болгон жер менен өрткө каршы бөлүктүн аралыгы 10 чакырымды түзөт, өрт чыккан жерге жетүү 35 мүнөткө созулган.

Тилсиз жоо саат 10:35те толугу менен өчүрүлгөн, өрттүн жалпы аянты 195 чарчы метрди түзгөн.

Өрттүн натыйжада имараттын 2-кабатындагы 4 батир өрттөнгөн: алдыңкы 1-кабаттагы почта бөлүмү, ЖБКнын кеңсеси, жеке менчик дүкөн.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн натыйжалуу аракетинин аркасында 1-кабат толугу менен өрттөн сакталып калган. Почта бөлүмүндөгү иш кагаздар жана эмеректер өрт өчүрүүчүлөр тарабынан сыртка коопсуз жерге чыгарылып берилген. Жеке менчик дүкөндүн ичи бош, товарлар болгон эмес. Өрт чыккан 2-кабаттагы 4 батирдин экөөсү бош болгон, эч ким жашачу эмес. Ал эми калган 2 батирде адамдар жашачу", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий