• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кафеден чыккан ири өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.23./Кабар/. Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан кафедеги ири өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Алоолонгон жалынды өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен тилсиз жоодон коңшу жайгашкан имараттар, үйлөр сакталып калды", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Пикир

Оставить комментарий