• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Салык кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2021-жылдын 23-августуна карата карата салык кызматынын 1 миң 351 кызматкери вакцинациядан өткөн, бул иш жүзүндөгү санынын 55,4% түзөт. Анын ичинен 1 292 - аймактык салык органдарынын кызматкерлери жана 59 - борбордук аппараттын кызматкерлери.

Белгилей кетсек, вакцинация жүргүзүү өнөктүгүнүн алкагында борбордук аппаратта жана ведомствонун аймактык башкармалыктарында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу максатында коронавирустан иммундаштыруу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий