• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 17 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 3-апрелден 10-апрелге чейин коронавирустун 17 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, 17 адамдын 10у ооруканага жаткырылган.

"Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылы жана 2023-жылдын 101 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 101 учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий