• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия чемпионаты: Үзүр Жузупбеков алтын үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 10.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Ал кореялык жана казакстандык балбанды утуп, жарым финалга өттү. Анда Жузупбеков индиялык атаандашын 9:0 эсебинде жеңип алды.

Аталган мелдеште буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий