• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз футболуна 100 жыл. Бизнес-коомчулугу “Алга” командасын 2:0 эсебинде утту

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук мелдешинде бизнес-коомчулугу “Алга” командасын 2:0 эсебинде утту.

Буга чейин “Өнөр” командасы менен президент Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясынын өкүлдөрүнүн командасы оюн өткөрүп, эсеп 2:2 менен аяктаган.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.

Оюндар “Спорт” (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылууда.

Чүчүкулактын жыйынтыгында алты команда эки топко бөлүндү:
А тобу:
- Алга;
- Бизнес-коомчулугу;
- ЖМК.
В тобу:
- Президенттин администрациясы;
- Федерация;
- Өнөр.

Пикир

Оставить комментарий