• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын делегациясы Пекиндеги Олимпиада оюндарында кие турган кийимдеринин сүрөттөрү

Спорт 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандын делегациясы Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарында кие турган кийимдерди тартуулады.

Анда 14 кийимдин түрү болот: Олимпиаданын ачылыш жана жабылыш аземдерине кие турган форма, машыгуу үчүн костюм, кыска жана узун куртка, пальто, футболка, кышкы бут кийим, кроссовка, рюкзак, кол кап, баш кийим жана байпак.

Белгилей кетсек, форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү – кытайлык Tectop компаниясы тарабынан бекер берилген. Улуттук олимпиада комитети жана Tectop 2018-жылдан бери кызматташып келет жана Пекин кышкы Олимпиадасынын комплекти 2021-жылдын жайында буйрутма берилген.

Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февралда Пекинде өтөт. Ага Кыргызстандын атынан тоо лыжа тебүү спорту боюнча Максим Гордеев барат.

Пикир

Оставить комментарий