• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда 4,3 млн сомдук контрабандалык дары-дармектер аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Кадамжайда 4,3 млн сомдук контрабандалык дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош - Разаков унаа жолунда М.А.З. аттуу Лейлек районунун Арка айылынын тургунунун башкаруусундагы “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаадан эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана дары-дармек менен аныкталды.

Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн суммасы 4 млн 350 миң сомду түзөт.

Кармалган унаа бажы терминалынын аймагына коюлуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле бул аткезчиликке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий