• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде кичинекей балдарды мушташтырып, видеого тарткан аял табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Социалдык тармактарда жашы жете элек бала менен кыздын мушташы тартылып, ага белгисиз аялдын комментарий берген видеосу тараган.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кадамжай районунун Кожо айылындагы атасынын үйүнө 38 жаштагы А.Г. 15 жаштагы уулу Марат (аты өзгөртүлгөн) жана 8 жаштагы Канат (аты өзгөртүлгөн) аттуу балдары менен төркүнүнө коноктоп келишкен.

Ата-энесинин үйүндө А.Г.нын турмуштан ажырашкан 31 жаштагы А.Г. аттуу сиңдиси 9 жашар Мээрим (аты өзгөртүлгөн) жана 8 жашар Сезим (аты өзгөртүлгөн) аттуу кыздары менен жашап жүргөн.

Видео 2022-жылдын 10-июнунда жогоруда аталган үйдө тартылган. Анда 8 жаштагы Канат менен 9 жаштагы Мээримдин мушташы тартылган.

“Видеодо байкалып тургандай турмуштан ажырап келген 31 жаштагы А.Г. өзүнүн кызына болушуп, атайын уруштуруп жаткан мезгилде Канаттын бир тууганы 15 жаштагы Марат келип жаш балдарды уруштуруп жаткан эжесин уруп салган”, - деп билдиришти милициядан.

Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды.

Ал эми 38 жаштагы А.Г. өзүнүн 15 жаштагы жана 8 жаштагы уулдары менен өздөрү жашаган Ош облусунун Алай районуна кетип калгандыгы аныкталды.

Азыркы учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий