• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде куралдуу жаңжалда документин жоготкон 17 жаран жаңы паспорт алышты

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Чек арадагы окуяда өздүгүн аныктоочу документтерин жоготкон жарандарга Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жеринде документтерди кабыл алууну жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүнкү күнгө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID-кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган.

Бүгүн 18-майда, 17 жаран өздүгүн аныктоочу паспортторун алышты.

Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эрте мененки саат 8:00дөн, кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий