• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде мыйзамсыз окутуу жүргүзүп келген медресе аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Баткенде мыйзамсыз окутуу иштерин жүргүзгөн медресе аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, облустук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн медресе бар экендиги боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

КР президентинин алдындагы дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү, Баткен ОИИБдин жана Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери биргеликте Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылына барып, мыйзамсыз диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөн окутуу жайды текшерүүгө алган.

Текшерүүнүн натыйжасында эч кандай уруксат кагазы жок Кызыл-Кыя шаарынын жана Ош облусунун тургундарынын 40ка жакын жаш балдары ошол мекемеде жатып, мыйзамсыз диний сабактарды окуп жаткандыгы аныкталган.

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБне мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам боюнча катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий