• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 27.11.20 /Кабар/. Ысык-Көлдө учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланды.

Муфтияттан кабарлашкандай, жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова, жергиликтүү казыят менен аймактык хатибияттардын өкүлдөрү, облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдөө кызматынан адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө учурдагы коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык абал жана жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүү боюнча маалыматтар берилди.

“Учурда COVID-19 вирусу өлкө боюнча тездик менен жайылып жатат. Анын ичинде Ысык-Көл облусунда оорулуулар көп катталууда. Статистикалык маалыматтарга ылайык, пандемиянын биринчи толкунунан кийин илдетке чалдыккандар айына 15-20 кишиден гана катталып келсе, ноябрда вирус жугузгандардын саны 500дөн ашты жана дагы көбөйүп жатат. Мындан улам эл көп топтолгон жайларда санитардык эрежелердин сакталышы бүгүнкү күндөгү чоң талап”, — деди өкүлдүн орун басары Элмира Усенова.

Жыйын учурунда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков бардык мечиттерде санитардык талаптар так сакталганын белгиледи.

“Учурда облус аймагындагы бардык эле мечиттерде санитардык эрежелер сактоо менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Ал үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн. Аралыктарды эске алынууда. Ден соолук ар бир адамга берилген аманат. Айтылган эрежелерди ар бир адам сактаса эле бул оору деле кетет”,- дейт Талант ажы Сабриков.

Пикир

Оставить комментарий