• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде ОшМПУнун окуу-усулдук борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы Алишер Навои орто мектебинде педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, жалпы республикалык тестке даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү боюнча окуу борбор ачылды. Бул тууралуу Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган окуу борбору Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте түзүлүп, мында окуу жай интерактивдүү доска, компьютер, принтер, блоктор жана башка керектүү материалдык каражаттар менен камсыздады.

Борбордун ишин университеттин Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү жетектеп, алар чек ара аймактарында иштеген мугалимдерди колдоо, жаңы методдорду үйрөтүп, жаңы техникалар менен сабак өтүүнүн жол жобосун жеткирүү жана окуучуларды ЖРТге даярдоо максатында иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий