• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде от атуудан жабыркаган электр жабдуулары калыбына келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепетинен жабыр тарткан энергетикалык жабдууларды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.

“Электр станциялары” ААКтын маалыматы боюнча, талкаланган мамылар, ок тийген электр жабдуулары “Ошэлектрдин” кызматкерлери тарабынан калыбына келтирилүүдө.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй, 84 объект жабыркаган жана өрттөлгөн.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан.

Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган. Бүгүн, 6-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.

Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий