• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде жаштар жарандардын өзгөчө кырдаал тартибин сактоосун көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Баткенде жарандардын өзгөчө кырдаал тартибин сактоосун көзөмөлдөөгө колдоо көрсөткөн демилгелүү жаштар көбөйүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жаштар ар бир айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык тосмолорду жайгаштырып, кезек менен нөөмөткө туруп, жарандардын үйдө болуусун эскертип жатышат. Ошондой эле алар тактык үчүн айылга кирип-чыккан элдерди каттоого алууда.

Мындай демилгени биринчилерден болуп Кадамжай районунун жаштары колго алышты.

Пикир

Оставить комментарий