• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде жол кырсыгынан 5 чет элдик каза болду – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Баткен облусунда жол кырсыгынан 5 адам көз жумду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-январь күнү болжол менен саат 20:30да 51 жаштагы И.М. "Дэу Нексия" үлгүсүндөгү унаасы менен Ош-Исфана жолунда бара жатып, унааны башкара албай жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткен. Каршы тилкеге чыгып кеткен автоунаа "Мерседес Бенц Спринтер 313" үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобус менен кагылышкан. Ал унааны Баткен облусунун Бужум айылынын 25 жаштагы О.У. аттуу жараны башкарып келе жаткан.

Кырсыктын натыйжасында "Дэу Нексиянын" айдоочусу менен эки жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болгон. Унаада отурган эки адам Баткен облусунун жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Учурда тергөө жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор Өзбекстандын жарандары болушкан.

Пикир

Оставить комментарий