• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мас болуп келген. Баткенде күйөөсүн чалгы менен өлтүргөн аял окуянын-чоо жайын айтып берди

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.19 /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек райондук соту 1970-жылы туулган А.А. аттуу жарандын кылмыш ишин караган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2018-жылдын 24-ноябрь күнү Лейлек районунун бир айылында саат 20:00 чамаларында жолдошу А.Г.Б. үйүнө мас болуп келип, жубайын сөгүп баштаган. Жолдошу менен өз ара пикир келишпестиктен улам урушуп тарткылашып кетишкен. Аялы күйөөсү кармап турган чалгыны колунан жулуп алып, башына бир нече жолу уруп жиберген. Күйөөсү жыгылып калганда, башка бөлмөгө кирип уктап калган. Натыйжада А.Г.Б. денесинен алган оор жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.

Ал эми айыпталуучу өз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтуусунда, жолдошу ошол күнү ичип келип, аны уят сөздөр менен сөгүп, үйдөн жаңжал чыгарган. Аялы ага сөз кайтарганда, ал эшикке чыгып чалгыны алып келген. Урам деп аракет жасаганда аны менен алышып, колунан чалгыны тартып алып, ачуунун үстүндө аны бир уруп жибергенин жана алышып жатып дагы бир жолу тийип кеткендигин билдирген. Күйөөсү жыгылып калганда ал башка бөлмөгө кирип уктап калган. Түн ичинде үшүп ойгонуп, бөлмөдөн чыкканда күйөөсүнүн башынан кан агып, каза болуп калганын билген.

Аял жолдошу дайыма ичип келип, үйүндө жаңжал чыгарып, сабаганын айткан. Ошондой эле ал жаш балдары бар экендигин жана коргонуунун айынан ушул ишке кабылгандыгын айтып эркинен ажыратпоону суранган.

Сот КРнын Кылмыш-жаза Кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратылсын деп өкүм чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий