• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендеги жаңжалда башына ок жеген жаранга операция ийгиликтүү жасалды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун (БТОИБ) жана Улуттук госпиталдын хирургдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагышылууда жабыркаган жаранга оор операция жасашты.

Кечиптештери менен Баткенде жүргөн БТОИБдин анестезиологу Каныбек уулу Мирлан билдиргендей, 2-майда Лейлек райондук Жалпы практикалык дарыгерлер борборуна 30-апрелде чек ара аймагындагы башаламандык учурунда башына жана көкүрөгүнө ок жеген бейтап келип түшкөн.

Бейтап Бишкек шаарынан келген медиктердин кароосунда болуп, анда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин катышуусундагы консилиумда тез арада башындагы окту алып чыгуу боюнча операция жүргүзүү чечими кабыл алынган.

“Оор операцияны БТОИБдун нейротравматологу Илимбек Манаров жана Улуттук госпиталдын хирургу Уланбек Ташбаевдер жасашты. Операция 2 саатка жакын созулду. Баштагы окту тез арада табуу үчүн рентгенге тартышкан. Операция ийгиликтүү аяктады. Азыркы учурда оорулуунун абалы салыштырмалуу канааттандырарлык”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий