• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенге Өзбекстандан дагы 240 комплект коргонуучу каражаттар алынып келинди

Аймак 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта Баткенге Өзбекстандан дарыгерлер үчүн дагы 240 комплект коргонуучу каражаттар алынып келинди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ошондой эле жер-жерлерде оорудан коргонуучу каражаттар даярдалып, дарыгерлер менен санитардык карантиндик посттогу кызматкерлерге жеткирилүүдө. Облуста дезинфекциялоо жумуштары токтоосуз уланууда. Бүгүнкү күнгө облуста мечит, мектеп, орто жана жогорку окуу жайлар, бала бакча, коомдук тамактануучу жайлар, базар, саламаттыкты сактоо мекемелер, көчөлөр залалсыздандырылууда.

Жарандарга өзгөчө кырдаалдын эрежелери массалык маалымат каражаттары жана үн күчөткүчтөрдүн жардамы менен эскертилүүдө.

Баткен облусунда коронавируска байланыштуу жаңы учур катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий