• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Баткен облусунун ирригация тармагында 4,5 млрд сомдук жумуштар аткарылууда

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Баткендин ирригация тармагында 4,5млрд сомдук жумуштар аткарылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча суу чарба тармагын өнүктүрүү мамлекеттик программасына 8 чоң суу чарба объектилери киргизилген.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик программанын негизинде 3 долбоор ишке ашырылды жана 1 долбоор ишке ашырылууда. Алар:

- Кадамжай районундагы Кара-Кыштак–Боз каналында 403,9 млн сомдук жумуштар аткарылып, канал пайдаланууга берилди.

- Молдо-Нияз каналынын курулушуна 280 млн сом жумшалып, толугу менен бүткөрүлүп элге сугат суу берилүүдө.

- Баткен районуна караштуу Р-4 каналын кенейтүү жана Р-4 ички чарбалык каналынын курулушуна 424 млн сом жумшалып, курулуш бүткөрүлгөн.

- Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу чыгаруу үчүн Максат айылына дюкер куруунун 1-этабынын негизинде Кулунду каналынын башкы суу алуу түйүнүндө 95,3 млн сомдук жумуштар жана 2-этабынын алкагында 217,2 млн сомдук жумуштар аткарылды. Курулуш иштери уланууда.

Мындан сырткары, капиталдык салымдар беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттен бир катар обьекттер жаңыдан курулууда;

- Кадамжай районунун Халмион айыл округун суугат суу менен камсыз кылуучу көз карандысыз Р-1 каналынын курулушуна 155,6 млн сом ажыратылып, учурда курулушу аяктап, суу пайдалануучуларга сугат суу берилүүдө;

- Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай участкасындагы жаңы насостук станциясынын курулушунун жалпы наркы 55,0 млн сом, учурда обьекттин курулушу толук аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат;

- Баткен районундагы Кара-Токой айылындагы Ширеч насостук станциясы үчүн 3 млрд 740млн 691 сомго 3 комплект агрегат сатып алынып, эксплуатацияга берилди;

- Баткен районунун Капчыгай айылында 2 млн 700 миң сомго бааланган насостук бекеттин негизги курулуштары бүткөрүлдү;

- Баткен районунун Чарбак айылындагы Кесек-Таш участкасындагы насостук бекетин курууга 2 млн 400 миң сомго жумуштар бүткөрүлүп, сугат суу чыгарылды.

Мындан сырткары, суу чарба обьекттерине насостук агрегаттарды орнотуу, каналдарды тазалоо, керектүү тетиктер менен камсыздоо, СПАларды колдоо жана өнүктүрүү жаатында иштер аткарылууда.

Ошондой эле 2023-жыл үчүн ирригациялык обьекттердин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары үчүн да 60 млн сом бөлүнгөн. Белгиленгендей, бул иш-аракеттердин бардыгы Баткен облусунда сугат суу жеткирүүнү жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий