• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Батукаевдин бошотулушу боюнча сот: Отурум 15-ноябрга белгиленди

Коом 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча алдын ала угуулар өтүүдө. Сотто Эмилбек Каипов төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочу Медербек Абдышев билдиргендей, бүгүн жактоочулар тарабынан бир катар өтүнүчтөр келтирилген. Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары айрым далилдерди иштин материалдарынан алып салууну өтүнгөн. Маселен, Атамбаев менен Аида Салянова жана Атамбаевдин Шамиль Атаханов менен беттештирүүлөрүнүн эки протоколун алып салуу өтүнүчү болгон. Сот ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.

"Ошондой эле кылмыш иштин №27 томун ачыктоо боюнча өтүнүч болгон. КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 270-беренесине ылайык, алдын ала угууларда карала турган негиздердин так тизмеси көрсөтүлгөн. Ал жерде кылмыш иштин материалдарын ачыктоо жок. Мындан улам сот ал өтүнүчтү четке каккан", - деди ал.

Андан тышкары, прокурор белгилегендей, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова далилдердин катарынан сот Жапара Эрматованын көрсөтмөсүн алып салууну өтүнгөн. Сот ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Ошондой эле, Раимжановдун жактоочулары айыпталуучу Раимжановдун ден-соолугун аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүүнү өтүнгөн. Мамлекеттик айыптоочу тарап, жактоочулар тиешелүү документтерди, анын абалы тууралуу медициналык корутундуну көрсөтпөгөнүн билдирип, бул өтүнүчтү четке кагууну өтүнгөн. Жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Абдышев билдиргендей, кийинки отурум 2019-жылдын 15-ноябрында өтөт.

"Материалдарда жашыруун маалыматтар болгондуктан отурум жабык түрдө өтөт", - деди ал.

Мындан мурдараак ИИМден билдиришкендей А. Батукаевдин бошотулушу боюнча иште сотко чейин өндүрүш боюнча 19 шектелүүчүгө билдирүү берилген. 14 шектелүүчү менен тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлса, 5 шектелүүчү кызматташуудан баш тарткан.

Кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон шектелүүчүлөрдүн кылмыш иштеринин материалдары 423 том жана негизги кылмыш иште 28 томду түзгөн. Жалпы 451 том болгон.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш факттарына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемаларга, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупцияга, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алууга.

А. Батукаевдин бошотулушу боюнча убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, анын бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К. Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А. Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди, анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий