• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Батукаевдин бошотулушу боюнча сот: Отурум Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл А. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жараян каралды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн сотко айыпталуучу Атамбаевден ден соолугуна байланыштуу отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчү менен арыз келип түшкөн. Ага байланыштуу соттук жараян 9-декабрга жылдырылды.

Эске сала кетсек, аталган ишке байланыштуу мурдагы президент Атамбаев 11,2 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий