• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Бавария" клубу кыргыз күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди

Спорт 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. "Бавария" клубу өзүнүн Facebook'тагы баракчасы аркылуу кыргыз күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Клуб өзүнүн баракчасына кыргызча "Рахмат" деген жазуусу бар "Бавария" командасынын чабуулчусу Роберт Левандовскийдин сүрөтүн чыгарып, сүрөттүн алдына "2019-жылдагы колдооңуздар үчүн рахмат" деп жазып койгон.

Белгилей кетсек, "Бавария" клубу футбол боюнча Германиянын биринчилигинде 33 упайы менен үчүнчү орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий