• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргон районунда 4 адам жер көчкү алдында калган

Аймак 0

Бишкек, 23-апрель /Кабар/. Базар-Коргон районунун Арсланбап айыл аймагында 2017–жылдын 23-апрель күнү саат 16:50 чамасында Арсланбап айылынын Жаңы-Хаят участкасында болжол менен 300м3 жер көчкүсү жүрүп, 4 адамды басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган участкада айылдын таза суу түтүктөрүн ондоп жүргөн 8 адам болгон. 4 адам көчкүдөн качып кутулган. Ал эми 4 адамды жер көчкү басып калган.

Окуя катталган аймакка КР ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ыкчам тобу, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин башкы адиси жана жергиликтүү тургундар барышкан.

Жергиликтүү тургундардын жардамы менен 3 адамды жер көчкүдөн куткарып алышкан. Абалдары оор болгондугуна байланыштуу, Базар-Коргон райондук ооруканага тез жардам унаасы менен алып кетишкен. 1 адам ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Андан сырткар жер көчкү астында калган 1 адамдын жансыз денесин табышып, ички ичтер кызматкерлердин жардамында туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо жумуштарын жүргүзүп, жакын жайгашкан 9 турак-жайдын жашоочуларын эскертүү берилип, жашоочулар убактылуу туугандарынын үйлөрүнө чыгарылды.

Жер көчкүдөн каза болгондор жана жабыркагандар.

1. О.Д.К. 1992-жылы туулган (ооруканага жетпей каза болгон);

2. Ю.А.Т. 1985-жылы туулган (жер көчкүнүн астында калып, каза болгон);

3. М. уулу Ж. 1993-жылы туулган (ооруканада);

4. У. К. С. 1962-жылы туулган (ооруканада).

Пикир

Оставить комментарий