• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чер арасындагы окуя: Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Аймак 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаал өзгөргөн жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Баткен облусундагы чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тараптын чек арачылары 23-июлдан тарта мамлекеттик чек ара тилкесин биргеликте кайтарууда", - деп айтылат маалыматта.

Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору жабык.

Учурда эл ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий