• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нооруз майрамына карата Баткенде улуттук оюндар мелдеши өтөт

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Нооруз майрамына карата Баткенде улуттук оюндар — көк-бөрү, кыргыз күрөшү, таяк тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш боюнча ири мелдештер өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Спорттук мелдештер 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда өтөт.

Улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча 18 жаштан жогорку балбандар арасында Баткен облусунун биринчилиги өткөрүлөт. Салмак категориясы — 55, 62, 68, 74, 82, 90 к +90 кг.

Көк бөрү боюнча мелдеш Баткен шаарынын командаларынын арасында өткөрүлүп, Чет-Булак кварталындагы ат майданында орун алмакчы.

Пикир

Оставить комментарий