• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жарандарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев “Коомдук кабылдама” аркылуу кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, министр коомдук кабылдамадан энергетика тармагы боюнча кайрылган жарандардын ар бир маселесин угуп, тиешелүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берип, айрымдарынын маселесин дароо чечип берүүгө үлгүрдү.

Кайрылган жарандардардын суроолорунун негизгилери Энергиянын кайра жаралуучу булактары, Чакан ГЭС куруу, электр энергиясына болгон тартыштыктан чыгуунун жолдору, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, Электр тармактар ишканаларына тиешелүү маселелер болду.

Өз кезегинде, Таалайбек Ибраев ар бир абоненттин маселеси көзөмөлгө алынарын баса белгиледи. Аны менен катар тиешелүү кызматкерлерге кайрылгандардын маселесин чечип берүүнү тапшырды.

Министрдин жарандарды кабыл алуусу ар аптанын бейшемби күнү, саат 16:00-18:00 чейин жүргүзүлөт.

Алдын ала каттоо: (0312) 67 01 77 номери аркылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий