• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо 83,3 млн сомго бала бакча курулат

Аймак 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ай айылына 75 орундуу бала бакча куруу планладууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

Бала бакчанын курулушунун сметалык баасы 83 млн 341 миң сомду түзөт, сынакка катышууга арыз берүүнүн мөөнөтү 26-мартка чейин.

Пикир

Оставить комментарий