• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын курулуш тармагындагы кызматташтыгы бекемделүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев расмий иш сапары менен Өзбекстан Ташкент шаарына барды.

Бул сапардын алкагында Өзбекстандын курулуш министри менен жолугушуу болуп, анда эки өлкөнүн архитектура жана курулуш тармагында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Бул маанилүү документ курулуш индустриясын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн жаңы перспективаларды ачат. Меморандумга кол коюу эки өлкөнүн достук мамилелерин чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле курулуш жана инфраструктуралык долбоорлор чөйрөсүндө биргелешкен иш жүргүзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору курулуш объектилеринде болуп, Өзбекстандын курулуш тармагын өнүктүрүүнүн учурдагы долбоорлору жана перспективалары менен таанышты. Курулуш объектилерине болгон бул сапарлар курулуш долбоорлорунун ишке ашырылышына жеке баа берүүгө жана өзбек кесиптештери менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Пикир

Оставить комментарий