• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо профилактикалык иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Базар-Коргондо милиция тарабынан профилактикалык иштер уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте онлайн сабактарга катышпастан, эмгектенип жүргөн окуучуларды аныктоо максатында рейд жүргүзүштү.

Рейддин алкагында район аймагында жайгашкан борбордук базар, 12 соода борбору текшерүүгө алынды. Анын натыйжасында 11 жашы жете элек өспүрүм, сабактарга катышпай соода-сатык менен алектенип жүрүшкөн фактылары аныкталды. Бул өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучуларды сабактардан калтырбоо керектиги эскертилди.

Аталган фактылар боюнча материалдар топтолуп, райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жашы жете электер менен иштөө комиссиясынын кароосуна тийиштүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий