• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базарбеков президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин пппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Бекназаров Жаныбек Денисбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Базарбеков Замирбек Курамаевич президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыктарга президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий