• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мелис Мураталиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Мелис Мураталиев КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мамлекет башчысы кол койгон башка жарлыкка ылайык, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев 2022-жылдын май айынан бери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий