• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматы кыргыз-казак чек арасынан өткөн товарларды көзөмөл кыла албайт

Коом 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын Бажы кызматы кыргыз-казак чек арасынан өткөн товарларга көзөмөл кыла албайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы учурда массалык маалымат каражаттарында Кыргызстандын мамлекеттик органдары, алардын арасында Бажы кызматы аткезчилик менен кирип жатат күйүүчү майга тиешеси бар делген кабар таратылууда.

– 2015-жылдын 12-августунан тарта Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирикменин толук укуктуу мүчөсү болгон. Ошондон тарта кыргыз-казак чек арасындагы тилкесинде бажы көзөмөлү алынган. Буга байланыштуу, Бажы кызматынын чек арадан өткөн товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүгө укугу жок, – деп айтылат маалыматта.

Бул милдетти башка тийиштүү мамлекеттик органдар ишке ашырууда.

Кыргызстанга ЕАЭБ уюмуна кирген өлкөлөрдөн келген товарларды, анын ичинде күйүүчү майды каттоо жана текшерүү, Бажы кызматынны компетенциясына кирбейт.

Пикир

Оставить комментарий