• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бажы кызматындагы коррупция. Мамлекетке 170 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында республиканын аймагына алынып келинген транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоонун мыйзамдуулугу бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте текшерүүгө алынган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүү учурунда, бажы органдарынын кызмат адамдары транспорт каражаттарын ташыган тараптар менен укукка жат туруктуу байланышта болушуп, материалдык каражат жана артыкчылыктарды табуу максатында, Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонуу менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөндүгү аныкталган.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттерден улам республиканын бюджетине 170 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги такталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий