• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматынын төрагасы “Ак-Тилек” бекетиндеги кырдаалга байланыштуу Нур-Султанга учуп кетти

Коом 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына өзүнүн кесиптеши менен жолугуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Оңолбеков коңшу өлкөгө кечээ кечинде учуп кеткен.

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков чек арадагы жагдайга байланыштуу Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөшүшкөндүгүн билдирди.

Эске сала кетсек, кыргыз-казак чек арасында коңшу өлкө тарабынан Кыргызстандан барган жүк ташуучу унаалар үчүн кошумча көзөмөл коюлган. Ошол себептен “Ак-Тилек” бекетинде 200дөн ашуун унаадан турган кезек пайда болгон.

Пикир

Оставить комментарий