• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы тарифи жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 19.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимине, Бажы бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө эл аралык келишимине ылайык келтирүү максаттарында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий