• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматкерлери “Манас” аэропортунда зер буюмдардын аткезчилигине бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. “Манас” бажысынын кызматкерлери 2 млн сомдон ашуун суммадагы зер буюмдардын контрабандасына бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү фактыларын алдын алуу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө “Манас” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери “Манас” МЭАнын авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте декларацияланбаган колго сары металлдан жасалган зер буюмдарды табышкан.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен ташылып келген товар Бишкек-Дубай каттамы боюнча учуп келе жаткан Өзбекстандын Р.М. аттуу жаранынын коштоочу жүгүнөн рентген аппаратында текшерип кароо учурунда табылган.

Товардын жалпы салмагы 583,05 граммды, кармалган буюмдардын орточо базар баасы 2 млн 42 миң 250 сомду түзгөн. Бул факт КЖБР АМСке катталган, материалдар КР Транспорттук прокуратурасынын ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий