• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Тверде милиция Кыргызстандын жасалма айдоочулук күбөлүгү менен жүргөн адамды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Тверде милиция жасалма кыргызстандык айдоочулук күбөлүгү менен унаа айдаган айдоочуну кармады.

Тверь облусу боюнча Жол кайгуул кызматынын маалыматына караганда, 27-февралда Тверь шаарынын Паша Савельева көчөсүндө жол кайгуул кызматкерлери Москва шаарында жашаган 21 жаштагы кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын айдоочусу айдап бара жатып коопсуздук курун тагынган эмес. Ага карата административдик протокол түзүлүп, Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери жарандын айдоочулук күбөлүгүнүн аныктыгынан шектенишкен.

Күбөлүк маалымат базасы менен текшерилип, айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталган. Тартип бузган адам Россиянын Ички иштер министрлигинин Тверь облусу боюнча Заволжский милициясына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий