• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө мейманканадан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө "Тумар" мейманканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 1-мартта кечки саат 21:10 чамасында Каракол лыжа базасынын жанында жайгашкан “Тумар” мейманканасы күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 21:50дө чектөөгө алынып, 23:52де толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 435 чарчы метр ашканасы жана мейменкананын жанында жайгашкан турак үй күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий