• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте батирден өрт чыгып, эки адам иске ууланды

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн болжол менен 15 чарчы метр пластик эшик, жыгач терезе жана үй-тиричиликтери күйгөн.

Тилсиз жоодон И.Д. аттуу эркек жана А.А. аттуу аял иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий