• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда мамлекеттик органдардын калк менен жолугушуусу башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Ош облусунда калк менен мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан жолугушуулары башталды.

Министрлер кабинетинин билдиришкендей, бүгүн мындай жолугушуулар Ош облусунун Араван районунда жана Ноокат районунун Ноокат шаарында өтөт.

Тургундардын суроолоруна министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жооп беришет.

Аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушууларыпрезиденттин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий