• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта көмүрдү жасалма акчага сатып алган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Сокулукта көмүрдү жасалма акчага сатып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-январда Сокулук айылынын Ж.Э. аттуу тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылып, ошол эле күнү бейтааныш адам жасалма 200 АКШ долларын берип 1,7 тонна көмүр сатып алып, 4 миң 300 сомду кайтарып окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Сокулук РИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан аталган кылмышка шектелип 35 жаштагы Д.А. аттуу жаран Сокулук айылында дагы бир жерден жасалма акчага көмүр алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган учурда ал жарандын жанынан 75 даана 500 евро жана 67 даана 100 АКШ доллары табылды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кармалган жаран бул окуядан башка жасалма акча менен дагы бир нече кылмыш жасаганы аныкталды.

Тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий