• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казак жараны спринтер менен Кыргызстанга 10 бодо мал алып кирүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында Кыргызстанга “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү спринтер менен бар жаткан 38 жаштагы казакстандык кармалды. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, анын жүргүнчү ташуучу унаасынын ичинде 10 бодо мал (бука) болгон.

“Анын тийиштүү документтери болгон эмес. Букалар Кордай районунун Ветеринардык кызматына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий