• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Конституциялык соттун төрагасы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Кечээ, 1-мартта КР Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Өскөнбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана ТИКА Программасынын КРдагы координатору Осман Уста менен жолугушту. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Түркиянын элчиси Эмил Өскөнбаевди Конституциялык соттун төрагалыгына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Өз кезегинде, Конституциялык соттун төрагасы Э.Өскөнбаев Кыргыз Республикасынын 2021-жылы кабыл алынган жаңы Конституциясынын алкагында Конституциялык соттун мамлекеттик органдардын тутумундагы ролунун жогорулашына токтолду. Андан ары ал Түркиянын Конституциялык соту менен эки тараптуу форматта да, интеграциялык түзүмдөрдүн алкагында да, өзгөчө Азиянын Конституциялык сотторунун ассоциациясынын жана ага шайкеш институттардын алкагында кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи.

Конституциялык соттун төрагасы Э.Өскөнбаев да элчиге жана ТИКА Программасынын Кыргыз Республикасындагы координаторуна мурда көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун мындан ары өнүктүрүү багыттарын дагы талкуулашты.

Маалымдама: 2019-жылы ТИКА КР Конституциялык сотунун сот залын жана китепканасын реконструкциялоо долбоорун ишке ашырган (долбоордун бюджети 105 миң АКШ доллары тегерегинде). Бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында оңдоп-түзөөдөн өткөн сот залы жана китепкана азыркы учурдагы функционалдык жана коопсуздук талаптарына жооп берген, конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары үчүн да, келгендер үчүн да оптималдуу шарттарды камсыз кылган заманбап имараттарга айланды.

Пикир

Оставить комментарий